Президент Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун эки күндүк жолугушуусу (сүрөттөрдө)

  Мезгил

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки күндүк жолугушуу өткөрдү.

Президент  Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды. Эки мамлекеттер башчыларынын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын эң олуттуу маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын  делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланды.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча жолугушуу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында уланды. 

Ысык-Көл облусундагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Эмомали Рахмонду  президент  Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Сүйлөшүүлөрдү жалгаштыруу менен мамлекеттер башчылары эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө эки жактын тең даяр экендигин билдиришти, Кыргызстан менен Тажикстандын өз ара аракеттешүүсүнүн бардык спектрлерин талкуулашты, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирдүүлүктү көрсөтүштү.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *