Президент Сооронбай Жээнбеков: “Менин жүрөгүмдө»

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерип жатып  «Элдик Апрель революциясына 2020-жылы 10 жыл болот. Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө тууралуу Жарлыкка жакында кол коём», — деп белгиледи.   

«Бүгүн биз Аксы окуясында курман болгондордун жана жаракат алып, кийин көз жумгандардын жаркын элесине таазим кылабыз. Ошону менен бирге 2005, 2010-жылдары адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштө курман болгон мекендештерибизди эскеребиз. Алардын эмне үчүн көз жумганын эстейбиз.

Элдик Апрель революциясына 2020-жылы 10 жыл болот. 2010-жылы апрелде мекендештерим менен бирге мен дагы үй-бүлөлүк кандуу режимге каршы чыккам. Мен үчүн 2010-жылы курман болгон мекендештеримдин, алардын жакындарынын тагдыры — жөн гана курулай сөз эмес. “Менин жүрөгүмдө”, — деп баса белгиледи мамлекет башчы. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *