Президент  Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга болгон иш сапарында 5 документке кол коюлду (тизме)

Мезгил

 Президент  Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча  кечээ, 10-июлда бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кол коюлган документтер:

— «Жер-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасындагы стандарттарды сактоо боюнча дараметин бекемдөө жолу менен чакан жана орто ишканалардын рынокторго жетүүсүн кеңейтүү» экономикалык долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— Суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызды башкаруу системасын бекемдөө» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу аракеттенген Кыргыз Республикасы менен SECO экономика боюнча мамлекеттик катчылык аркылуу аракеттенген Швейцария Конфедерациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— «Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— Суу ресурстарын интеграциялык башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ.

Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *