Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцария Президенти Ули Маурер менен расмий жолугушту

  Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда бир күндүк расмий визит менен Швейцария Конфедерациясында. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Визит Берн шаарындагы «Лон Манор» резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен расмий жолугушуу аземинен башталды.

Резиденцияда Кыргызстандын жана Швейцариянын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу кароол тизилген.

Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, Сооронбай Жээнбеков жана Ули Маурер Ардактуу кароолду кыдырышты жана расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Андан соң мамлекеттер башчылары тар курамда сүйлөшүүлөргө бет алышты, андан соң жолугушуу кеңейтилген курамда уланат.

Визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *