Президент: Тил бизге таандык эмес, биз тилге таандыкпыз

 “Тил бизге таандык эмес, биз тилге таандыкпыз” деп белгиледи   президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада.

Баарыӊыздарды ушул маанилүү маараке менен чын дилимден куттуктайм. Мамлекеттүүлүктү кайрадан түптөөгө жол ачкан „Мамлекеттик тил жөнүндө“ мыйзамдын кабыл алынышы — өлкөбүздүн тарыхындагы өзгөчө окуя болгон.

Ал мезгилде мындай кадамга баруу үчүн — өз тилин сүйгөн патриоттуулук гана эмес, жалтанбаган эрдик да керек болчу. Бул демилгенин башында, өзүнүн дүйнөлүк кадыр-баркы менен совет жетекчилигине сөзү өткөн, улуу гуманист, улутубуздун сыймыгы — Чыңгыз Айтматов турган.

Атактуу сөз чебери Түгөлбай Сыдыкбеков да чоң салым кошконун терең урматтоо менен эстейбиз.  Кыргыз тили — мамлекеттүүлүктү аныктаган негизги атрибут. Тил — өз ара түшүнүүнүн гана куралы эмес, дүйнө таануунун, акыл–ой жүгүртүүнүн куралы.

Бабалардын бизге калтырган эң ыйык дөөлөттөрү — ааламды аңдап-билүүнүн, маданияттын, рухтун, адеп-ахлактын берметтери бизге тил аркылуу жеткен. Кыргызды кыргыз кылган, дүйнөдө өз ордун таап, кылымдардын кыртышында жок болуп кетүүдөн сактаган — бул, биринчи кезекте, кыргыз тили.

Тил бизге таандык эмес, биз тилге таандыкпыз деп айтсак да болот. Кылымдардын барагында, тарыхтын бүктөмүндө канча муундар калып кетти, ал эми биздин улуу тилибиз жашап келет.

Ошондуктан эне тилибиз — ата-бабабыз бизге калтырган ыйык аманат, биз урпактарга жеткирчү негизги милдет. Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ-дедм малекет башчы.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *