Президент Жогорку соттун төрайымын кабыл алды

 Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта, өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту.

Жүрүп жаткан сот-укуктук реформа, өлкөдө укуктун жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоону күчөтүү боюнча чаралар жана ошондой эле жакында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайы боюнча маселелер талкууланды.

Гүлбара Калиева өлкөнүн 400гө жакын судьялары жана башка мамлекеттик органдардын 100гө жакын өкүлдөрү катыша турган судьялардын курултайына даярдык боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, жаңы кодекстердин жана мыйзам ченемдеринин судьялар тарабынан колдонулушу жана соттордо санариптештирүү иш-чараларынын аткарылышы тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы сот системасы органдарынын негизги милдети өлкөдө укуктун жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо, мыйзамдуу жана адилеттүү сот аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча соттун ролун жогорулатуу жана натыйжалуу ишмердигин камсыз кылуу экенин белгиледи.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *