Президенттин аппараты Бекболот менен президенттин жолугушуусун четке какты

  Мезгил

Интернет айдыңында президенттен жаңы мектеп салып берүүнү өтүнгөн Түп районунун Балбай айылында жашаган 2-класстын окуучусу Бекболот Бактыбеков менен  Садыр Жапаров эртең  жолугушаары айтылган.

Бирок бул маалыматты президенттин маалымат кызматы четке какты.

“Садыр Жапаровдун жакынкы күндөрдөгү иш планында окуучуну кабыл алуу маселеси каралган жок. Жолугушуу пландалган эмес”, — деп айтылат өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

    Белгилей кетсек, Түп районунун Балбай айылынын тургуну Бекболот Бактыбеков мектеби көгөрүп кеткендиктен окуу токтоп калганын айтып, президентке кайрылган. Ал өлкө башчыдан өз айылына жаңы мектеп салып берүүнү өтүнгөн. Анын бул кайрылуусу интернетте кызуу талкууга алынган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *