Прокурордун асынып алган орун басары өлүмүнө жакын капалуу жүргөн

Мезгил. 

Ош облустук прокурорунун орун басарынын асынган абалдагы жансыз денеси  өз үйүнөн табылган эле. Маркумдун туугандары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышканын аймактык ИИБден кабарлашты.

Маркум Төрө Кожошевдин өлүмү боюнча териштирүү жүрүүдө. Бул багытта ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

 Маалыматка караганда, маркумду асынган абалында жубайы үйдүн короосунан тапкан. Азыр өлүмгө жеткирчү бардык версиялар каралууда. Бирок, Кожошевдин туугандары сөөктү соттук -медициналык экспертизага бергилери келген эмес. Ошондой эле милиция кызматкерлерине   камерага тартууга да каршы болушкан.

Төрө Кожошев Ош облустук прокурорунун орун басарлык кызматын аркалап жүрүп, эмгек эргүүгө чыккан. Каза тапкан күнү, 10-сентябрда  эс алуудан кийин биринчи жолу жумушка чыкмак. Артында алты баласы жана жубайы калды. Жакындарынын айтымында, өлүмүнө жакын капалуу жүргөн. Кесиптештери аны динге берилген жана эмгек жамаатында сый-урматка ээ адам катары сүрөттөшөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *