Мезгил
Баткен шаардык соту облустун прокурорун өлтүргөнгө шектүү жарандын баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.
Маалым болгондой, Баткен шаардык соту шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Эске салсак, облустун прокурору Анарбай Мамажакыповду 18-ноябрда Баткенде өлтүрүп кетишкен. Сөөгү шаардын четинен табылган. Окуяга шектүү делип капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалды.
Булак: Мезгил Ньюс