Психикалык жактан оорулуу адамга айдоочулук күбөлүк берилген

Мезгил

Психикалык жактан оорулуу адамга айдоочулук күбөлүк берилген. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

  Маалымдалгандай, Чоң-Алай районунун Кызыл-Тоо айылынын тургуну психикалык диспансерде каттоодо турганына карабастан ага “дени сак” деген маалымкат жана ошонун негизинде айдоочунун күбөлүгү берилген.

24-июлда Финансы полициясы чогулткан материалдардын негизинде Чоң-Алай районунун прокуратурасы Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “документтерди жасалмалоо” беренелеринин негизинде иш козгоду.

Учурда Финполиция бул сыяктуу фактыларды аныктоо максатында жалпы республика боюнча текшерүү жүргүзүп жатат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *