Путин: Кыргызстан – биздин ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз

 Мезгил

Биз буга чейин да иштегенбиз, мындан кийин да эки тараптуу планда жана эл аралык аянтчада бирге иштешүүгө даярбыз. Бул тууралуу Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин менен Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен тар чөйрөдө жолугушуусунда билдирди.

Өз сөзүндө Владимир Путин өзүнүн иш сапарынын алкагында келген орусиялык жогорку окуу жайларынын ректорлору, аскердик мекеме жетекчилери жана ишкерлер кыргызстандык өнөктөштөрү менен жемиштүү макулдашууларга жетишүүгө аракет кыларын билдирди. Жана ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-алакага көңүл бурулуп жатканын айтып, эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү көбөйүп жатканына токтолду.

– Кыргызстан – биздин ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз буга чейин да иштегенбиз, мындан кийин да эки тараптуу планда жана эл аралык аянтчада бирге иштешүүгө даярбыз. Биз эми эле Кыргызстан жакында чоң эл аралык уюмду – Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун Саммитин кабыл алаары жөнүндө сүйлөштүк. Бул ири эл аралык иш-чара жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем-деди Владимир Путин.

Россиянын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун аракети менен Кыргызстанда тынч, туруктуу кырдаал орноп, социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн өзгөчө баса белгилегим кетти.

Владимир Путин Кыргызстанга Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча алгачкы мамлекеттик визит менен келди.

Эки президент тар чөйрөдө кезикти. Бир аздан соң документтерге кол коюу башталат. Жалпысынан 30дай макулдашуу жана келишим кабыл алынары айтылды. 28-мартта Бишкекке келген Владимир Путиндин мамлекеттик сапары бир күнгө созулаары кабарланды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *