Путин менен Атамбаев эмне тууралуу кеп кылышты?

Мезгил

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын экс президенти Алмазбек Атамбаев менен Кремлде жолукканын жана эмне тууралуу сүйлөшкөндөрүн ачык айтты.

Путин журналистерге берген маегинд ал “Атамбаев менен аймактагы кырдаалды талкууладык. Мен азыркы жана мурдагы кесиптештерим менен сүйлөшүүгө дайым даярмын. Менин позициям баарына белгилүү жана ага да айттым. Кыргызстан башынан бир топ нерсе өткөрдү жана кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн ушуну менен токтоо керек”- деп билдирген.

Ошондой эле ал журналистердин суроосуна жооп берип жатып Кыргызстандын учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду элдер колдоп өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жардам бериши керектигин айткан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *