Мезгил.
Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын өкүлү Си Цзиньпин Чыгыш экономикалык форумунун алкагында “Алыскы Чыгыш көчөсү” көргөзмөсүнө катышышты.
Россиялык басылмалардын жазганына караганда, Путин Си Цзиньпинди блинчик бышырууга үйрөткөн. Өкүл жасап көрүп, орус президентинин “Жакшы жасап жатасың”, – деген мактоосун укту.
Акырында, алар өздөрү бышырган блинчикке кара жана кызыл икраны ороп, кол менен жешип, орус салты боюнча азыраак арак да ичишти.
Булак: Мезгил Ньюс