Путиндин Кыргызстанга сапарынын жүрүшүндө кандай келишимдерге кол коюлат?

Мезгил

Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапарынын жүрүшүндө 30га жакын келишимге кол коюлат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Сыдыковдун айтымында, негизги келишимдер саясий, экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтык боюнча болот. Ошондой эле энергетика, транспорт, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүүлөр өтөт.

Мындан тышкары Кыргызстан жана Россия аймак аралык бизнес конференциясы өткөрүлөт. Ага Россия аймактарынын губернаторлору, ишкерлер, инвесторлордон куралган 700гө жакын адам катышат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *