Путиндин пикири эки ачабы?

     Мезгил

Путиндин Атамбаевге байланыштуу Песков аркылуу айттырган мурдагы сөзү

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратканда Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков кол тийбестиктен ажыратуу боюнча:

 – Мындай маселелер ар бир өлкөнүн ички иши болуп саналат. Биз бул иштерге аралаша албайбыз, укугубуз да жок — деп билдирген.

Мындан сырткары мамлекеттердин тарыхы, тажрыйбасы ар кандай болгондуктан, сырттан туруп сынга алуу туура эмес болорун кошумчалаган.

 Путиндин Атамбаевге байланыштуу айткан кечөөкү сөзү

Атамбаевди кабыл алгандан кийин журналисттерге Владимир Путин:

– Менин позициям белгилүү. Алмазбек Атамбаевге буга чейин эле позициямды жеткиргем. Кыргыз өлкөсү бизге шериктеш, жакын мамлекет. Алар эки ирет ички саясий кагылышууларды башынан өткөрдү. Менин оюмча кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн бул нерсеге чекит коюлушу керек. Кыргызстан менен Орусиянын кызматташуусунда көптөгөн пландар бар. Биз азыркы бийлик менен баардык пландарды ишке ашырууга даярбыз –  деп жооп берген.

Муну менен катар Кыргызстанга учурда саясий туруктуулук керектигин, өлкө эли азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригүүгө милдеттүү экенин айтып кетти.

Эми өзүңүз Владимир Путиндин жогорудагы 2 сөзүн салыштырып көрүңүз. Мындан кандай жыйынтык чыгарса болот? Катчы Песков аркылуу «ички ишке кийлигишпейбиз» дейт, президент Путин болсо байкатпай кийлигишип, акыл айтып атат…

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *