Р. Отунбаева менен С. Жээнбековдун «экс» макамын алууга 15 миң кол топтолду

    Мезгил

Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын «экс» макамын алууга 15 миң кол топтолду. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарынын бирине  активист Чыңгыз Капаров билдирди.

Анын айтымында, Роза Отунбаева шайланган шайлоо атаандаштык негизде өткөн эмес. Ал эми Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетти.

«Экөөнүн убагында тең өлкө жоготууларга учурады», — дейт Чыңгыз Капаров. Демилгени парламентке өткөрүү үчүн 300 миң кол топтоо зарыл.

Эске салсак,  5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митинг өткөрүп, Ак үй менен УКМКнын имаратын басып алышкан. Мындан улам өлкөдө башаламандыктар орун алып президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Ал эми 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин өткөөл мезгилдин президенти болуп шайланган Роза Отунбаева 2011-жылы Алмазбек Атамбаевге президенттикти өткөрүп берген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *