Расул Базарбаев: Латын алфавитине өтүүнүн күңгөйү жана тескейи

    Мезгил

Акыркы мезгилде кайрадан латын алфавитине өтүү маселеси байма-бай көтөрүлүп, талкууга алынып келет. Дегинкиси латын жазуусун кабыл алуу менен өлкөбүз эмне табат? Анын артыкчылыгы жана кемчилиги жөнүндө бул макалада ой жоруп көрөлү.

 Тамгалардын тарыхынан

Латын тамгалары б. з.ч.VII кылымда жаралган. Алгач 21, анан 23 классикалык тамга пайда болгон. Араб жазуусунун пайда болуусу VI кылымдын баш ченине барып такалат. Анда 28 тамга болгон. Кирилл алфавити X кылымдын башында бир туугандар Кирилл менен Мефодийдин Византия падышасы Михаил IIIтүн буйругу менен пайда болгон деп жазып жүрүшөт. Алгач 43 тамга болуп, анын 24ү византиялык уставдык каттын негизинен алынып, 19у кайра иштелип чыккан тамгалар. Тарых тастыктагандай, кирилл алфавити жашы боюнча тамгалардын эң кичүүсү болуп саналат.

Кыргыз эли колдонгон Орхон-Энесай, Уйгур жазууларын аттап өтүп, латын графикасы деп аталган жазууну түрк тилдүү элдердин колдонуп калышы жөнүндө кеп учугун баштайлы. Түрк тектүү элдердин алгачкы колдонгон жазууларынын тарыхы ар кайсыл элде ар башка. Алар колдонгон жазуулардын ичинен ислам дининин таралышынын негизинде жайылган араб жазуулары да чоң роль ойногон. Арабча тамгалар дээрлик бардык түрк тектүүлөргө колдонуу үчүн жайылган. Октябрь революциясынан кийин да араб тамгалары менен жазуу жүргүзүлүп келген. Орустар колдонгон кирилл жазуусунун негизинде латын алфавитин иштеп чыгып, колдонуу жагы 20-жылдардан башталат. 1926-жылы Баку шаарында өткөн түркологдордун I съездинде түрк элдери латын жазуусуна өтүү чечимин кабыл алышат. Ал — ​яналиф (жаңы арип) деп аталган. Советтер Союзунун курамына кирген түрк элдери яналифти 40-жылдарга чейин колдонуп келишти. Латынга өтүү ошол кезде бир гана түрк тектүүлөр эмес, Союз курамына кирген башка улуттарга да колдонуу боюнча сунуштар жаралат. Окумуштуулар кирилл алфавитинин негизиндеги латын алфавитин иштеп чыгышат. Тек гана 30-жылдарда Сталиндин буйругу менен бул иш токтотулган. 40-жылдарда согуш аракеттерине байланыштуу кагаз иштери жалпыга түшүнүктүү болсун, бир тилде, бирдей арипте жазылсын деген шылтоо менен славян жазуусу деп аталган кириллица Союздун баардык Республикаларына таңууланат. Ал эми Союздан сыртта калган түрк элдери (азыркы Түркияны эске албаганда) араб тамгасында кат жазуу менен кала беришкен. Түркия СССРдин курамына кирбесе да, анын курамына кирип калган боордошторунун I съездинде кабыл алынган маселеге тилектештигин билдирип, Ататүрктүн аракети менен 1928-жылы латын тамгасына өтөт.

Сталинди славян улуттары Кудайдан кем эмес көрүп, сыйлагандыгынын бир нече себептери ушул жерде жатат. Биринчиден, орустар Иосиф Жугашвилинин темирдей бекемдиги менен 2-Дүйнөлүк согушта жеңишке жетишкенбиз деп эсептешет. Сталин — ​болот, бекем деген Ленин сыяктуу кошумча ат ушундан улам айтылып калган деген аңыз бар.

Экинчиден, Союз курамындагы элдерде өз тили, өз жазуусу, улуттук баалулуктары ж. б. маселелер күч алып, жакындашуу аракеттери байкалып, улут тың чыкмалары баш көтөрө баштаган учурда алардын чарасын көрүп, тартипке чакырып коюу зарылдыгы жаралган. Буга 37-жылдагы сталиндик репрессия жана биз сөз кылып жаткан кирилл алфавити далил боло алат. Улуту орус болбосо да дили орус Сталиндин орустарга жасаган ат көтөрө алгыс кызматын ушул жерден байкоого болот. Репрессия элдин кыйындарын кырып, карапайым калктын жүрөгүнүн үшүн алат. Кирилл алфавитине жапырт өтүү - бийликти бир колго топтоп, каалагандай калчоого ыңгай түзүп берет.

Союз урагандан кийин ар кайсыл мамлекет өз башынча эркин саясат жүргүзө баштайт. Мына ошондо латын жазуусуна кайрылып келүү жагы түрк тектүү элдерде эркин ой жүгүртүүнүн желаргысы менен кошо өзүнөн-өзү пайда болот. Бул ар кайсыл мамлекетте ар кандай убакта жана түрдүү көйгөйлөр менен коштолуп, ишке аша баштайт.

 Жолу торолгон татарлар

Учурда РФнын курчоосунда калган Татарстанда 90-жылдарда эле латын графикасына өтүү аракеттери башталган. Ири шаарларда көчөлөрдүн аттары кирилл менен да, латын менен да жазылган кермектер азыркы күнгө чейин сакталып турат. Мектеп окуучулары латын тамгасы менен жазылган китептерди 2 жыл гана окуй алышты. 2002-жылы РФнын Мамлекеттик Думасы мамлекеттин аймагындагы тил статусун бекемдөө боюнча мыйзам кабыл алат. Бул мыйзам өлкө аймагына камтылган башка улуттардын «башына чабылган камчы» болду. Мыйзамда РФнын аймагында баардык тилдер орус тилинин негизинде гана өнүгөт деп так жазылган. Буга байланыштуу татарлардын латындашуу аракеттери «тупикке» такалды. Алардын эл аралык сотко кайрылууга жасаган аркеттери да текке кетти, тагыраагы токтотуп коюуну суранышты. Татарлар демин ичке катып кала беришти.

 Крым татарларынын аракеттери

Крым татарлары да 1928-жылы латынды кабыл алып, 11 жылдан соң кирилл алфавитине өтүшкөн. 1990-жылдан баштап аларда да латынга кайра кайтуу боюнча маселелер козголгон. Бул тууралуу Украин Радасында «Крым татарларынын межилиси» деп аталган топ тарабынан маселе көтөрүлгөн. Аталган уюм ошол кезде эле РФнын аймагында тыюу салынган уюмдардын катарына кирген. Тагдыр буйругу менен Крым Россияга кошулган убакта «Крым татарларынын межилиси» официалдуу бийлик бутактарына кийлигишпесин деген талаптар айтылып чыкты. Баягы эле өз аймагында «башка тилдердин өнүгүүсү орус тилинин негизинде жүргүзүлсүн» деген мыйзамга такап, крым татарларынын аракеттерин ишке ашкыс кылып «тушап» салды.

 Эрте кыймылдаган өзбектер

Өзбектер латын гарфикасына өтүүнү 1993-жылы баштап, этап менен жүрүп олтуруп 2010-жылы толук аякташты. Латын тамгасына жапырт көчкөндөн кийин практика жүзүндө анын айрым жетишпеген жактары байкалган. Жакында өзбек окумуштуулары «реформаланган алфавитти реформалоо» боюнча маселе көтөрүп чыгышты. Анткени өзбек латыны Америкалыктардын латынына, грамматикасына ыктап калган болчу. Учурда бул өлкөнүн алдыга карай таштаган кадамы ийгиликтүү болуп, латын тамгасына өтүүгө аракет жасаган түрк тилдүү мамлекеттерге тажрыйба катары үлгү болуп берди.

 Түркмөндөр да тынч жатпады

Түркмөндөр да кыргыздар сыяктуу 1928-жылы латын графикасына өтүп, тилдеги айрым көйгөй жараткан татаалдыктардан улам 1936-жылга чейин алфавитти 3 жолу «түздөөгө» туура келген. Анан кирилл алфавитинде жүрүштү. Эгемендик алган алгачкы жылдарда латынга «көчүү» маселеси кайрадан козголуп, Сапармурад Ниязовдун Жарлыгынын негизинде жумушчу топ түзүлгөн. 1993-жылы Межилисте латынга өтүүнү 3 жылдын ичинде ишке ашырабыз деген менен, 2000-жылга чейин созулуп кеткен. Түркмөндөр тамга алмаштырууну эл аралык байланышты кеңейтүү максаты менен мотивдештиришет. Ошол эле кезде казактар сыяктуу билим берүүнү 3 тилде (түркмөн, орус, англис) алып баруу боюнча программалар иштелип чыккан. Муну менен латынга көчсө эле орусту чангандык болот деген көз караштын негизсиз экендигин далилдей алышты.

 Азербайжандар алга жылабыз деп

Башка түрк тилдүү элдер мурда араб жазуусун колдонуп келген сыяктуу азербайжандар да араб тамгаларын колдонушкан. Латын жазуусуна көчүү жагы буларда тээ XIX кылымдын орто ченинде эле козголгон. Бирок, ийгилик 1922-жылы келип, 1925-жылдан тартып латынга өтүшкөн. Ошол эле учурда арабча жазууну паралелдүү түрдө колдоно беришкен. 1992-жылы акырындап латын алфавитине которулуу иши башталып, ал 2001-жылы аягына чыкты.

 Казактар келечекке кам көрүп

2018-жылдын 19-февралында казак президенти Нурсултан Назарбаев кириллден латынга «көчүү» тууралуу Жарлык чыгарды. Ага ылайык, 2025-жылы казак туугандар латын алфавитин колдонууга өтөт. Казак өкмөтү демилгени колго алып, Улуттук комиссия түздү. Иш-чаралардын программасы бекитилип, камылга башталды. Латынга өтүү этап-этабы менен жүрүп, түшүндүрүү-маалымат иштери, конференция, тегерек стол, интернет аркылуу видео блокторду таратуу сыяктуу маселелер «Руханий жаңыруу» программасына камтылган. Келечек маалымат технологиясынын, интернеттин кылымы экендигин эске алышып, «QazaqLatynKeyboard» комплекстүү программасын иштеп чыгышкан. Компьтердин клавиатурасына кириллицадан латынга ыкчам которуулуу боюнча атайын баскыч киргизүү жагы пландалган. IT технология жаатында иштерди жеңилдетүү максатында орфография, усулдук, атоолук маселелерди жөнгө сала турган жумушчу топторду түзүштү.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев «Келечекке карай көз караш: коомдук аң-сезимди модернизациялоо» деп аталган программа иштеп чыкты. Казактар орустун кирилл жазуусунан баш тартып, дүйнө элдери, анын ичинен түрк тилдүү элдерде кеңири колдонулуп келе жаткан латын графикасына өтүүнү аң-сезимди модернизациялоо катары санашат. Буларды латын графикасына өтүүнү кеч башташкан деген туура эмес. 1912-жылы жарыяланган «Казакстан – ​2050» деп аталган стратегияда латын тамгасына өтүү жагын планга киргизишкен.

 КМШдагы жалгыз «айсберг» Кыргызстан

Кыргызстан КМШда түрк тилдүү элдердин ичинен кирилл тамгасын колдонгон жалгыз өлкө болуп калууда. Анткени кошуна казактар, азербайджан, түркмөндөр, өзбектер латын тамгасын кабыл алган болсо, кыргыздар ойгоно элек. Адатта СССРдин курамынан биринчилерден болуп бөлүнүп чыгып, Эгемендикти түптөп башкаларга үлгү болгон мамлекет, бул жолу саясий эрксиздиктен жана каражаттын айынан артта кала турган болду.

Октябрь революциясынан кийин алгач араб тамгалары менен жазуу жүргүзө баштаганбыз. Андан соң 1928-жылы латын алфавити киргизилди. Латын тамгаларын колдонуп жазуу 1940-жылдын аягына чейин 12 жыл «өмүр сүрдү». Улуу Ата Мекендик согуш башталган жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин орус тамгасы кирилл менен жазып келебиз. Кирилл Союз убагында орустардын жүргүзгөн үстөмдүк саясаты менен киргизилгендиги төгүн эмес. Кыргызстан 15 Республиканын ичиндеги башка түрк элдери сыяктуу эле аны кабыл алган. Учурда өлкө латын графикасына өтүү үчүн 5 миллиард сомдун (137 млн доллар) тегерегинде акча каражаты керек деген божомолдор бар. Латын тамгасына «көчпөй» жатышыбыздын дагы бир себеби – ​Россия менен болгон мамилебиз.

Эгер латынды кабылдай турган болсок, аны өздөштүрүү анчейин деле кыйын болбой тургандыгы коомчулукта айтылып келет. Биринчиден, латын биринчи жаралып, дүйнөгө тараган жазуулардан. Экинчиден, кирилл алфавити экөөсүнүн айырмачылыктары аз, кирилл латындын негизинен келип чыккан деген пикир бар. Демек, тоок биринчи жаралганбы, же жумуртка? Үчүнчүдөн, бизде латын жазуусу боюнча тарыхый тажрыйба бар, жазууну колдонгонбуз. Төртүнчүдөн, кыргыз тилинин эрежелери боюнча көйгөйлөр чечилип калат.

Маселен, тилибизде 36 тамга, 39 тыбыш бар. Йоттошкон е, ё, ю, я тамгаларын жоюп, тыбыштык айтылышы боюнча жазсак жеңил болмок. Ошондой эле ц, щ тамгалары, ъ, ь белгилери бизге кириллдин негизинде таңууланган тамгалар. Алар кыргыздын төл сөздөрүндө дээрлик колдонулбайт. Айрым тыбыштар, маселен жумшак а (ә) тамга менен белгиленбей «өгөйлөнүп» келет. Айрымдар «ә» тыбышын тамгага айлантуунун зарылдыгы жок деп так секиришет. Менин айтаарым, биз Союздан мурасталып калган тил боюнча көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керек. Эгемен эл болгон соң эгемен ой жүгүрткөнүбүз абзел. Бүгүнкү кыргыз, кечөөкү Союз кезиндеги кыргыз эмес. Биздин бир топ мамлекеттерде бир тууган кандаштарыбыз, этникалык кыргыздар бар.

Маселен, кытайлык кыргыздар бизди чоң кыргыз, өздөрүн кичи кыргызбыз деп санашат экен. Чоң кыргыз болуп туруп жердешчиликке, уруучулукка бөлүнгөн ийгилик алып келбейт. Заман шарапаты менен кабыл алынып жаткан сөздөргө караганда диалектизм, наречиелер деп аталган сөздөрдү, кытай, ооган, өзбек, тажик жергесиндеги кыргыздардын кебинде колдонулган айрым сөздөрдү иргеп, алардын керектүүлөрүн иштеп чыгып, жаңы маани берип, колдонууга сунуштасак кантип болбосун? Анткени алар колдонгон сөздөр ошол эле тили буруу болуп саналган боордош кыргызыбыздын сөздөрү эмеспи? Мындай учурда «ә» тыбышы сөзсүз жардамга келет. Аны мурдагы учурда элибиз кеңири эле колдонуп келишкен.

Болгону кирилл алфавитинен орун таппай, адабий тилдин нормасына кирбей, «өгөйлөнүп» кала берген. Мисалы, «адамзаат бәндәси» деген сөз айкашында «пенде» сөзү «бәндә» болуп айтылган. Муну орой түшүнө турган болсок, банда-бандит болуп калабы? Жумшак айтылган «ә» тыбышы кыргыз тилинин сингармонизм законунда да чоң роль ойной алат. Сингармонизм – ​​үндөштүк закону өзбек тилинде жоюлуп кетип, казак сөздөрү эки-үч муундан соң үндөшпөй кала тургандыгын эске алганда, анын маанилүүлүгү зор экендигин тилчилер айтып келишет. К. К. Юдахиндин сөздүгүндө да «ә» менен айтылган сөздөргө кеңири орун берилген.

 Жаңы алфавит кабыл алуу бизге эмне алып келет?

1) Дүйнөлүк маалыматтын 70%ы латын тамгасында жазылган.

2) Интернеттин тамгасы.

3) Түрк тилдүү элдер менен жакындашуу процессин тездетет.

4) Өнүккөн Батышка карай багыт алабыз.

5) Латын менен кирилл тамгаларында окшоштук көп, айырмасы аз. Өздөштүрүү анчейин кыйынчылык жарата бербейт.

6) Буга чейин чечилбей келе жаткан кыргыз тилинин грамматикалык көйгөйлөрүн биротоло чечип алууга мүмкүндүк түзүлөт.

7) Тамганын саны 36дан 32ге чейин кыскарышы күтүлөт.

8) Тыбыш менен тамганын сан жагынан айырмаланган «баш оорусунан» кутулабыз.

9) «Ашыкча тамгалар» йоттошкон е, ё, ю, я жана ц, щ тамгалары, ъ, ь белилеринен арылып, сөздөр айтылышы боюнча, тыбыштардын негизинде жазылып калат.

10) Жумшак «ә» тыбышы тамгага айланат.

11) Латын тамгасын колдонгон элдин саны көп.

 Латын алфавитин кабыл алуунун терс жагдайлары?

1) Ири суммадагы акча каражаты сарпталат.

2) Өтүү процесси көп убакытты талап кылат.

3) Россия менен болгон мамиле солгундайт.

4) Баш мыйзамыбыз Конституцияга өзгөртүү кийирүү зарылдыгы келип чыгат.

5) Өлкөбүздө жашап жаткан орус тилдүү калктын каршы пикирин күчөтөт.

6) Бул идеяны иш жүзүнө ашыра турган мекенчил жол башчы керек.

7) Улуу муундагыларды окутуп чыгуу керек.

 Латынга өтүүгө каршылар:

1) Алмазбек Атамбаев: «… түрк тилдүү татар, башкырлар орус жазуусунда эле жазып атышат…»

2) Курманбек Бакиев: Көп чыгым керектигинен өтүү зарыл эмес деп санаган.

3) Токон Мамытов: Таасирдүү бир нече факторду санап чыккан.

4) Канат Садыков: Орус тилинин Республикабыздын өнүгүүсүнө кошкон салымын айтат.

 Колдоого алгандар:

1) Ташбоо Жумагулов: Жакынкы 10 жыл ичинде өтүү зарыл деп санайт.

2) Каныбек Иманалиев: 2030–2040- жылдарда өтүү керек деп санайт.

3) Сыртбай Мусаев: Латын тамгасына өтүүнү эрки күчтүү киши гана жасай аларын айткан.

 Түрк тилдүү элдердин интеграциясы

Түрк тилдүү элдердин биригиши, жакындашы – ​​бул бүгүн эле пайда боло калган маселе эмес. Союз убагынан, 20-жылдарда жаралган маселе. Учурунда тектүү элдердин тилин, маданиятын өркүндөтүү үчүн түркологдордун съезди сыяктуу жыйындар болуп, иш чаралар биргеликте чечилип турган. Ошол кездеги Сталин башында турган бийлик улуттардын жакындашуу процесстеринен чочулашып, бөлүп-жаруу саясатын жүргүзгөн деп тартынбай эле айтсак, ала кушту атынан атаган болобуз. Эми боордош элдердин биригүүсүнө эмне тоскоолдук жаратып жатат?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *