Расул Үмбөталиев: “Таза Кол” фонду коррупцияга каршы күрөшөт

   Мезгил

Энергетика тармагы боюнча талдоочу Расул Үмбөталиев коррупцияга каршы “Таза Кол” аттуу фонд түздү. Бул тууралуу өзү журналисттерге берген маалымат жыйынында кабарлады.

Анын айтымында фондду өзү жетектейт. Азырынча аталган фондду эч ким каржылай элек. Уюштуруучулар эл аралык уюмдардан көмөк алууга, гранттарга жана демөөрчүлөргө үмүт артышууда. Ошондой эле фонддун максаты мамлекеттин коррупцияга каршы күрөш жүргүзүшүнө көмөктөшүү экендигин баса белгилеген.

Ылайым эле “Таза Колдун” өркөнү өсүп, жолу ачык болсо экен!

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *