Равшан Жээнбеков: “Мэр бул саясий, маанилүү кызмат! Бишкек регионалдык кландардын менчиги эмес!”

Мезгил

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков, “кландардын жабык, жашыруун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен мэрлике, жогорку мамлекеттик кызматка келаткан адамдардын баарына, коомчулук, массалык маалымат каражаттары, граждандык коом, саясатчылар жана бишкек шаарынын тургундары каршы болушу керек”- деп билдирүү таратты. Билдирүүнүн тексти төмөндөгүдөй:

Граждандык коомго!

Медиа өкүлдөрүнө!

Саясатчыларга!

Активдуу жарандарга!

Кландардын жабык, жашыруун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен мэрлике, жогорку мамлекеттик кызматка келаткан адамдардын баарына, коомчулук, массалык маалымат каражаттары, граждандык коом, саясатчылар жана бишкектиктер каршы болушу керек!

Мамлекеттик жогорку кызматтарга, өзгөчө Бишкек шаарынын мэрлигине, ачык талкуу менен, так критерийлерлердин негизинде гана кадр сунушталса туура болот.

-Мэр коомго позитивдуу жагынан таанымал;

-Бишкек мэриясы аркылуу ишкерлике тиешеси жок;

-Коомдук, так саясий позициясы бар;

-Маанилүү мамлекеттик баалуулуктардын алып жүрүүчүсү;

-Өзүнүн саясий позициясын коргой алган адам болушу керек!

Мэр бул эскиден кабыл алынып калган чарбалык кызмат эмес! Мэр бул саясий, маанилүү кызмат! Мэр бул көрүнүктүү саясатчы. Мэр реалдуу, өлкөдөгү маанилүү 5 кызматтын бири!

 Париждин мэри Жак Ширак Франициянын президенти болгон. Лондондун мэри Борис Джонсон Англиянын тышкы иштер министри болду. Келечекте премьер министри болот. Лондондун азыркы мэри Садик Хан, лондондуктардын Трампка каршы митинг өткөрүүсүн ачык колдогон мэр.

Саясатчылар!

Граждандык коомдун өкүлдөрү!

Массалык маалымат каражатарынын өкүлдөрү!

Активдүү жарандар!

Бишкек регионалдык кландардын менчиги эмес! Бишкек биринчи кезекте Бишкектиктердики. Кыргызстандыкы! Баарынар жабык, жашыруун регионалдык кландардын жылдырган мэрлерине каршы турушунар керек!

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *