Равшан Жээнбековдун «өрдөгү» учалбай жерге кулады

Мезгил

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков жалпыга маалымдоо каражаттарына «Мени ИИМге төртүнчү ирет суракка чакырып жатат» – деп билдирген. Ошондой эле ал өзүн мыйзамды уккан саясатчы экендигин белгилеп, укук коргоо органдарынын иш-аракетин “бийликтин өлкөдөгү оппозицияны толук жок кылуу аракети” катары баалай тургандыгын айткан.

«Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүштүн алкагында барымтага алынган, укук коргоо органынын кызматкерин өлтүргөн, Кой-Таштагы 7-8- август күндөрү болгон окуялардын күбөлөрүн тактоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Тергөө көп сандаган тергөө иш-чараларын жүргүзүп жаткандыктан, башында көрсөтмөдө айтылбаган кошумча суроолорду аныктоо үчүн бардык катышуучуларды, анын ичинде Равшан Жээнбековду кошумча суроого зарылдык жаралууда» – деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы. Муну менен бирге ИИМ Равшан Жээнбековдун айткандарын төгүнгө чыгарат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *