Разак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Мезгил

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Разак Бейшекеев кечээ жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Разак 45 кг салмакта күч сынашып, финалда казак балбаны Саматбек Изимгалиге жеңишти алдырып жиберген. Бул салмакта жапон жана индус балбаны коло байгеге татыган.

Казакстандын Нур-Султан шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты уланууда.

Анда Кыргызстандын атынан барган балбандар: 65 кг салмакта Дастан Акылбеков, 71 кг салмакта Бакдаулет Эгенбердиев жана 80 кг салмакта Бекзат Оронкул уулу бүгүн күч сынашышат.

Мезгил Ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *