Раззакова Эльмира Исхаковна: Атам Усубалиев жөнүндө эч качан жаман сөз айткан эмес

    Мезгил

Саясат сасык деген чын белем. Улуу кеменгер Исхак Раззаковдун кызматтан алынышын Турдакун Усубалиевдин ысымы менен байланыштырып келишкен. Бирок чындык андай эмес экен. Исхак Раззаков өзүнүн кызматтан алынышы боюнча Усубалиевди түк күнөөлүү деп санаган эмес тура. Тескерисинче ал мен кызматка көтөргөн кадр деп сыймыктанып келиптир. Бул тууралуу чындыкты Исхак Раззаковдун кызы Эльмира апа быйыл күзүндө, атасынын туулган күнүндө журналистке берген маегинде айтып берген.

Улуу кеменгерлердин улуулугу ушунда белем. Бүгүн Турдакун Усубалиевдин туулган күнүндө, анын 100 жылдык маарекеси салтанаттуу белгиленип жаткан кезде, бул чындыкты жалпыга жарыя кылалы дедик. Көрсө, кыргыздан чыккан эки улуу кишинин ортосунда эч кандай таарыныч болбогон экен. Аны билбеген саясатчылар гана окуяны терс жакка буруп келген тура.

– Эльмира апа, Кыргызстанды сагынасызбы?

– Ар күн сайын Бишкекти качан көрөр экенмин деп көзүмө жаш алам. Бишкек эң жакшы көргөн шаарым. Келерки жылы белгилене турган атамдын маарекесине карата баргым келет. Бирок ден соолугума байланыштуу ойлонуп турам. Февраль айында микроинсульт алдым. Өзүм 2-топтогу майыпмын. Уулум 3-топтогу майып. Атамдын бир туугандары жок. Камалидин жана Ашым деген бөлөлөрү болгон, алардын да көзү өтүп кетти. Камалидиндин балдары Лейлекте, Раззаков айылында турушат. Ал эми Ашымдын балдары Бишкекте турушат.

– Кыргыз бийлиги Бишкекке жашаңыз деп чакырса барат белеңиз?

– Мага буга чейин бир нече жолу чакыруу түшкөн. Бирок Бишкекте жашоону каалаган менен ден соолугум жолтоо болуп келет. Ал жакта бийик тоолуулуктун айынан кан басымым бат эле көтөрүлүп кетет. Буга чейин 2 жолу Бишкекте болгонумда инсульт коркунучу менен ооруканага түшүп калдым.

– Атаңыз Москвага келгенде Кыргызстанды сагынганын кантип байкачу элеңиздер?

–  Ыйлаган убактары болгон. Бир күнү бөлмөсүнө кирсем терезени карап көзүнө жаш алып туруптур. “Ата эмне болду?” десем, “Бир тууган тоолорум жетишпей турат бул жерде” деди. Кыргызстандан кимдир бирөө келип жолугуп кеткенден кийин столдо көпкө чейин ойлуу олтурчу. Ошондо атамдын көзүнө жаш тегеренип турганын бир нече жолу көргөнмүн. “Кыргызстанды абдан сагынам” деп кайталай берчү.

– Турдакун Усубалиев Исхак Раззаковду кызматтан алган дешет. Өзүнөн кийин кызматка келген кишилерге мамилеси кандай эле?

– Атам Турдакун Усубалиев жөнүндө эч качан жаман сөз айткан эмес. Жумуштан алуу боюнча кеп Усубалиевде эмес экендигин жакшы билген. Ал тургай Усубалиевдин кызматка келгендиги тууралуу “Ал менин өбөлгө жумушчум (выдвиженец), анын талапкерлигин мен сунуштаганмын” деп айтып келген. Менин көз карашымда Усубалиев иштеп кеткенден кийин Фрунзе шаары жаңырган.

– Исхак Раззаков күндөлүк жазганбы?

– Жазган. Көзү өтөөрдөн алдың жаза баштаган. Бирок көпкө үңүлүп олтура алчу эмес. Көпкө олтуруп калса көзүнө жаш тегерене түшчү. Анын күндөлүгүнүн биринчи барагы, “Мен ушунча жашка чыктым. Бирок апамдын жүзүн элестете албаймын” деген жазуудан башталган. Ал күндөлүк биздин колубузда эмес, КГБнын архивинде.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *