“Республика – Ата Журт” фракциясы шаар мэрине талапкер көрсөтпөйт

Мезгил

Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга кирбей калган “Республика – Ата Журт” фракциясы баш калаанын мэрлигине өз алдынча талапкер көрсөтпөйт. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.  

Маалым болгондой, “Республика – Ата Журт” фракциясы  бугүн  мэрликке талапкер Азиз Суракматовдун шаарды өнүктүрүү программасы менен таанышат.

Азырынча мэрлик кызматка Азиз Суракматов гана талапкер катары арызын тапшырды. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн.  

 Бишкек мэрине талапкерлерди катоо эртең 31-июлда кечки саат 18:00дө аяктайт.

Эске салсак, Бишкек мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *