“Республика-Ата Журт” фракциясы шаар мэрине талапкер көрсөтпөйт

Мезгил

Бишкек шаардык кеңештин оппозициядагы фракциясы “Республика-Ата Журт” мэрликке талапкер көрсөтпөйт. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

Бүгүн, 26-июлда Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция шаар мэрине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөткөн.

 Белгилей кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Бишкек мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *