“Росинбанктын” аталышы өзгөрдү

  Мезгил

“Россия Инвестициялык Банк” ачык акционердик коому “Керемет Банк” деп расмий аталышын өзгөрттү. Бул тууралуу Улуттук Банктын маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой,   2018-жылы октябрь айында Кыргызстандын Улуттук банкы аталган банктын 71,66 пайыз акциясына ээ болгон. Буга банктын алган насыяларын төлөй албай калганы себеп болгон. Кийинчерээк «Росинбанк» үчүн 3 миллиард сом салып, жалпы акциясынын 95 пайызына ээлик кылып калган.

«Керемет Банк» ачык акционердик коомунун (мындан ары – Банк) №049 лицензиясы, улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна берилген №049 лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялар тизмеги 2019-жылдын 3-октябрында Банктын өтүнүч катынын негизинде алмаштырылды.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *