Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктай турган каражат берет

Мезгил

Орус өлкөсү Кыргызстанга  коронавирусту аныктай турган каражат берет.   

Орус өлкөсү гранттык негизде Евразиялык экономикалык союзга кирген өлкөлөрдүн мүчөлөрүнө жана КМШ өлкөлөрүнө коронавирусту аныктаган лабораториялык каражаттарды берет. Бул туурасында орус басылмалары жазды.  

  Коронавирусту аныктай турган зарыл болгон каражаттар Арменияга, Белоруссия, Казакстан жана Өзбекстантарга жөнөтүлдү.

Жакынкы убакта вирусту аныктай турган каражаттар Кыргызстан менен Таджикстанга алынып келинери күтүлүүдө.

   Эске салсак, 2019-нКоВ аталышындагы коронавирустун жаңы түрү алгач декабрь айында, Кытайдын Ухань шаарында байкалган. Учурда  вирусту жугузгандар 17 миңге жетти. Ал эми бул илдеттен каза болгондордун саны 400гө жакындаганы айтылууда. Жалпысынан бул илдет 27 мамлекетке жайылганы айтылууда. Ал эми биринчи жолу чет мамлекеттерден  коронавирустан Филиппинден 1 адам каза болду.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *