Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары бүгүн таңкы саат 7:30да “Манас” Бишкекке келди. Аны өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Маалымдалгандай, Путин Кыргызстанда бир гана күн болот. Ал Жээнбеков менен жолугушат жана кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгына байланыштуу жыйынга катышат. Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот.
Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта өтүп, андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.