Россия ТИМи Малахов боюнча жооп кайтарып, аны коргоду

   Мезгил

Россиянын Тышкы иштер министрлиги орусиялык журналист Андрей Малаховдун айткандары боюнча үн катты. Анда бул Малаховдун журналистик көз карашы экендиги  айтылат.  Бул тууралуу Риа Новости жазды.

“Малаховдун көз карашы – бул журналисттин пикири, абалга карата анын жекече көз карашы. Кыргызстандын Москвадагы элчилигине өлкөнүн ЖМК жөнүндөгү мыйзамынын жооп берүү  укугун  пайдаланууну сунуштайбыз”-деди ТИМ.  

Белгилей кетсек,  Андрей Малахов өзүнүн телеберүүсүндө меймандары менен биргеликте кыргызстандык Исламбек Акбаровду адам өлүмүнө күнөөлөгөн.   

“Рулда 23 жаштагы кайдагы бир мурдун тарта албаган бала болгон. Ал башка мамлекеттен келип, бир нече айдан бери такси кызматында иштеп жүрүптүр. Ага бирөө 100 миң доллар берсе үй-бүлөсүн, туугандарын, бүтүндөй айылын бактылуу кыла алат. Мындай акчаны алар өмүр бою иштеп таба албайт да, себеби айлыктары 10 доллар”, — деген ал.

Бул интернет колдонуучулардын арасында катуу сынга алынып, анын бул сөзү үчүн кечирим сурашын талап кылышкан.   

  Ал ортодо  Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Малаховдун айткандары боюнча пикирин билдирип, “адамды таарынтуу оңой, бирок муну менен жашоо кыйын. Андан да жаманы – бүткүл элди кемсинтүү”, – деп жазган.

 Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басарын чакыртып, ТИМ өкүлү журналисттин Россиянын мамлекеттик ЖМКсы аркылуу айткандарына тынчсыздана турганын билдирди.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *