Россияда Кыргызстандын кошумча консулдук мекемелери ачылат

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков Путин менен Москвадагы жолугушуусунда Якутск, Иркутск, Сургут жана Түштүк Сахалин шаарларында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачууну макулдашышты. 

Тактап айтканда Россиядагы кыргыз жарандарына ар тараптан көмөк көрсөтүү жана эки өлкөнүн алакасын мындан ары да бекемдөө максатында келишим түзүштү.

Жээнбеков Россияда кошумча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу тапшырмасынын алкагында Тышкы иштер министрлиги бир нече айдан бери иш алып барууда.

Ал эми эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын сүйлөшүүсү аягына чыгып, макулдашууга кол коюлду.

Эске салсак, мамлекет башчы расмий сапары менен Швейцарияга барган. Ал мекенге кайтарда кыска иш сапары менен Россияга кирип Путин менен жолуккан.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *