Россияга бараткандар көп жүк менен бажы көзөмөлүнөн өтө албайт

Мезгил

 

Ушул жылдын 19-августтан тарта Россияга мөмө-жемиш, жашылча жана гүл алып кирүү үчүн жаңы эреже иштеп баштайт. Бул тууралуу РИА новости агентиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, башка өлкөдөн бараткан жарандар беш килограммдан ашпаган мөмө-жемиш жана жашылча, үчтөн көп эмес букет гүл менен гана өтө алат. Букеттин гүлү же жалбырагы 15ке чейин болушу шарт. Мындан көп өлчөмдө жүк алып киргендерден чек арадан фитосанитардык сертификат талап кылынат. Тийиштүү документ жок болсо жүк артка кайтарылат.

Жаңы нормалар  фитосанитардык тобокелчилиги жогору турган продукцияларга киргизилгени белгиленет. Бул тизмеге курма, инжир, ананас, авокадо, гуава, манго, мангустин, өрүк, алча, шабдалы, цитрус өсүмдүктөрү жана башкалар  кирет.

 

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *