Рысалиевдин абалы жакшы, кайрадан суракка чакырылабы?

Мезгил

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча сурак берген Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев көптөн бери курортто дарыланып, чыкканына үч күн болду.

Тактап айтсак, Таш-Дөбө кыштагындагы Кыргыз улуттук курортология институтунан 29-июль күну чыгарылган. Дарыгерлер Рысалиевдин 21 күндүк дарылануусунан кийин учурда абалы жакшы экенин билдиришкен.

Эми Рысалиевдин абалы жакшырган соң кайрадан териштирүү иштери башталабы, же сурак башталары менен кайрадан ден соолугу начарлайбы?

Эскерте кетсек, Батукаев бошотулган учурда Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган. Мындан улам кримтөбөлдүн бошотулушуна түздөн-түз тиешеси бар деген айып менен 7-июнда суракка чакырылып, сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин, 2-июлда Таш-Дөбөгө которулган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *