Рыскелди Момбеков Бакиевдер алып чыгып кеткен миллиондорду кайтарууда “черныйларга” кайрылуу арзан болоорун айтты

Мезгил. 

Жогорку Кеңештин жыйынына депутат Наталья Никитенконун сунушу менен башпрокурор Өткүрбек Жамшитов чакырылган. Ал бир убактарда Максим Бакиевдин каржы кеңешчиси болуп жүргөн Евгений Гуревичтин берген маалыматтары, анын ичинде “Бакиевдер Кыргызстандан 200-300 миллион долларды чыгарып кеткен” дегени боюнча кандай текшерүүлөр жүрүп жатканын депутаттарга айтып берүүдө.

Депутат Рыскелди Момбеков башпрокурор Өткүрбек Жамшитовго Бакиевдер алып чыгып кеткен миллиондорду  кайтаруу үчүн 10 пайызды эле  шарт  кылып  “черныйларга” кайрылса боло турганын билдирди.

“Башкы прокуратура акчаны таап, өлкөгө кайтаруу келишимин түзгөн фирма 30 пайызды талап кылып жатат. Бул ставка кымбат. Андан көрө “черныйларга” кайрылуу арзан турат. Алар заматта акчаны таап келишмек. Силер дагы деле текшерүү жүргүзүп, Латвия, Гонконг, АКШга кат жолдодуңар. А акча дагы деле жок”, – деди депутат.

Момбеков 2005-жылы Акаевдин үй-бүлөсү менен ушундай эле окуя болгонун, алар алып чыгып кеткен акчаны өлкөгө кайтаруу үчүн аферист Либерманды жалдашканын, бирок, жыйынтыгында Либерман да, акча да жок болгонун эске салды.

Башкы прокуратура маалымдагандай, кылмыш ишин иликтеп, фактыларды текшерип жатышат. Евгений Гуревичтин оозунан чыккан АУБдун 200-300 миллион долларынын 4,5 миллиону Гуревичтин  компаниясына жасалма келишим аркылуу которулган. 30 миллиону АУБдун эсебинен Латвиядагы банкка жөнөтүлгөн. 6 миллиону болсо Максим Бакиевдин Гонконгдогу банктагы эсебине кеткен.

Бирок, АУБдун активдерин чыгарып кетүү боюнча кылмыш иши козголбогондуктан, текшерүү иштери эми гана башталганын Башкы прокуратура маалымдады.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *