Рыскелди Момбеков Абылгазиевге: Черчиллдин тилинде чеченденбей, Путиндин тилинде ар-намысын коргоп албайбы!

Мезгил. 

“Көчмөндөр оюну да өттү. Мен көчмөндөр эмес, көпкөндөр тууралуу айтайын”, – деп кебин баштаган депутат Рыскелди Момбеков Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөттү “ар намысы жоктор” деп сыпаттады.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат жакында Казакстанда өткөн конгрессте Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасы Андрей Бельяниновдун кыргыз өкмөтү тууралуу айтканын белгиледи.

“Орусиялык ишкер кыргыз өкмөтүн шылдыңдады. Бирок, өкмөт ага жооп берген жок. Бир жумадан бери аңдып жатам, жооп беришээр бекен деп, бирок биз тараптагылардын биринен да үн чыкпады. Өкмөттүн ар намысы үчүн Абылгазиев жооп берип койсо болмок”, – деди депутат.

Айтымында, Бельянинов “Кыргыз өкмөтү алмаша берип жададык, түшүнүгү жок түркөйлөр топтолгон. Акча берейин десең долбоору жок, түшүндүрөйүн десең түшүгү жок” дегендей пикирин билдирген.

“Мындайча айтканда, көк мээлер иштеп жатат дегендей эле кылды. Өкмөттүн ар-намысы бар болсо, кадыр-баркын бааласа, өкмөт башчы бул билдирүүгө жооп бермек да. Анда унчукпай, жооп бербей эле коелу, түркөйлөр иштеп жатат дегенине макул бололу. Ооба, бизде түркөйлөр өкмттө отурушат дейли. Ушул туурабы?  Көчмөндөр оюнунда Черчиллдин тилинде чеченденбей, орус ишкерине Пушкин менен Путиндин тилинде жооп берип койбойбу?!” – деди депутат.

Ал Бельяниновдун Кыргызстандын “Данакер” орденин алганын, биздин өлкөгө келген сайын Ала-Арча “тайраңдап” жатып, сый көргөнүн, аны сыйлоо үчүн өкмөттүн баары ошол жакта жүргөнүн белгиледи. Эми минтип, сыйын көрүп, анан сыйрып алган орус ишкеринин терс пикири жоопсуз калганына күйүктү.   

Ошондой эле депутат Бишкек шаарынын жаңы мэринин да “короосуна таш ыргытты”.

“Өгүнү бирөө айтып жатат, беш жылда бир да жолу сүйлөбөгөн депутат бар деп. Кантип, анда аны Гиннестин китебине киргизиш керек деп таң калсам, көрсө сүйлөптүр бир жолу. Депутаттык ишине киришип жатып ант бериптир. Бишкек шаарынын башчылыгына кыргыз тилин билбегенди алып келип койдук. Чала тил билгенди эмес, чарбачыл адамды дайындаш керек болчу. Эне тилин билген адамды алып келиш керек болчу”, – деди депутат.

Сөзүнүн соңунда өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып:

“Жетекчиңизге жеткирип барыңыз, желмогуз Момбеков жемеледи дегиле”, – деди.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *