Садык Шер-Нияз: Казак туугандар Эрман уялбаса да, эл уялып жатканын айтышты

  Мезгил

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты, “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз интернеттеги баракчасына казактарга болгон капалыгын жазган. Буга Казакстанда өткөн айтышта айтыштын уюштуруучусу Эрман Жүрсүндүн төкмө акын Жеңишбек Жумакадырга “300 миң теңге кыргыздар үчүн көп акча” дегени себеп болгон. Ал эми бул интернет колдонуучулардын арасында катуу талкууга алынды.  

Ал ортодо Садык Шер-Нияз фейсбуктагы баракчасына бул тууралуу кайрадан пост жарыялады. Анда казак туугандар  «Эрман уялбаса да, эл уялып турганын» айтып Эрмансыз эле, армансыз эле кош байге сайып казак кыргыз айтышын өткөзө турганын айткан.  Пост  төмөнкүчө жазылган.

 -Бир боорум… Кыска нуска айтылган кеп. Теренине сүңгүп кире турган болсон не деген ой жатат. Жашоомдо эки бир тууганымды жоготтум, ошондо каңырык түтөп, карегинден аккан жаш жаак ылдый куланып, көкүрөгүндөгү кайгы демиңди муунтуп, каргылдаган үнүм менен «боорум оой!» деп калган бир туугандарым менен эки жолу таман астындагы боз ала чанды тиктеп, боз үйдү тегеректеп турдук эки жолу. Өлүм-ак деген бекер сөз эмес. Өлүм бул жашоонун акыйкаты. Жашоо деген жанагы биз тиктеген боз ала чаң экен. Болбогон таарыныч, тууганындын ийгилиги кээде анын бийлигине, байлыгына болгон кызганыч, кор пенделигинди бир өлүм жай гана жайгарып телегейин тегиздеп аларын туйганым бар. Ошондо баары унутулуп боюндагы канындан, өпкө жүрөктүн толтосунан өкүрук үн атып чыгат экен. Ошол үн – бир боорум деген үн.

Казактагы айтыш жөнүндө жазган постума көп комментарийлерди окудум. Бирин да оңдободум, кыскартпадым, болгону кээ бир таарыныч сөздөр чыгып кетиптир ошону үчүн ушул постту жазып олтурам.

    Дүйнөдө эң бир бизге жакыны бир боор казак эли. Бир күйсө кыргызга казак күйөөр бир сүйсө казакты кыргыз сүйөөр. Болгону эл болгон соң арасынан «Телибай тентектери» чыкпай койбойт экен. Ошол тентектерди жөндөп, укпаса да үн чыгарып койуу биздин парзыбыз. Уккан чыгаар кантип укпасын, канчалаган казак досторум мага чалышты, канчасы жазышты, «Эрман уялбаса да, эл уялып турганын» айтып жатышты. Атүгүл бир топ төкмө акындар биздин акындарды чакырып, Эрмансыз эле, армансыз эле кош байге сайып казак кыргыз айтышын өткөзө турганын кабарлашты. Бир боорлорума терең ыраазычылыгымды билдирем.

А биз болсо кош байге айтышыбызды уланта берели. Бир туугандыкка, бир боорлукка болгон салымыбыз болсун. Биз жашап жаткан убакыт бул түбөлүктүүлүктун бир күкүмү. А кыргыз казак түбөлүктүү эл. Ой боорум деп башка жоктоп келер киши жок. Түбөлүккө кызмат кыла берели.

(Архивден бир сүрөт, кайран кыргыз эл деп күйгөн кыраандар Салижан агам менен Дооронбек агабыз бар экен, ушул кишилер тирүү болсо булар деле ушул ойго кошулмак го дейм)-

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *