Садыр Жапаров: Мен үчүн муфтийди мага десе башка планетадан алып келип коюп алышсын!

   Мезгил

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде  муфтияттагы чыр боюнча суроого жооп ажылыктан акча жегендер таш эле жесин деген оюн билдирди.

-Акин Токталиев «муфтиятка өз кишисин коюу үчүн муфтийди камады» деп да айтып чыкты. Буга кандай жооп бересиз?  Деген суроого  башка планетадан болсо дагы  эң башкысы динибизди үйрөткөн муфтий керек экендигин  айтты.

-Кудай өзү көрүп турат. Мен үчүн муфтийди мага десе башка планетадан алып келип коюп алышсын. Эң негизгиси, элибизди туура жолдон адаштырбаган, салттуу динибизди үйрөткөн муфтий болсо болду. Эмне муфтий кылып өз кишиңди коюп алсаң эле Кыргызстандын проблемасы чечилип калмак беле?

Мен да уктум. Айрым тырмакчадагы досторум айтып жатышат. Ажылык уюштурууда көп акча чогулат. Ошол акчага кызыгып, муфтий алмаштырганы жатышат деп.

Бирөөгө арам ойду таңуулагандан мурда Кудайды эске алып коюшса жакшы болот. Кудай уруп кетет. Ажылыктан акча жегендер таш эле жесин. Эптеп ажылыкка барып келейин деп көптөгөн жылдар бою чогулткан карапайым элдин акчасын жегенден уялыш керек. Ажылыктын акчасына кызыгып атат дегендер өздөрү 100 пайыз ошондой адамдар. Ошол үчүн башканы да ошентип ойлошот-дейт өлкө башчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *