Мезгил
Президент Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын алкагында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алуу боюнча сүйлөшөт. Бул туурасында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев журналисттерге берген маегинде билдирди.
Казакбаевдин айтымында, кредитти жеңилдетилген шартта алуу каралып жатат.
«Аталган фонддун каржылоосу экономиканы, социалдык секторду колдоо, каржылык тобокелчиликтерди жоюу жана макроэкономиканы турукташтыруу үчүн антикризистик чараларды жүзөгө ашырууга жардам берет. Реформа баштоо үчүн өлкөдө, анын ичинде экономикалык жана социалдык тармактарда туруктуулук болушу керек. Ошондуктан биз үчүн бул жардам өтө маанилүү», — деди Казакбаев.
Москвадагы жолугушууда өнөр-жай, тышкы саясат жана мигранттар боюнча маселелер козголору дагы айтылды.