Садыр Жапаровдун уулу менен бирге кырсыкка кабылган кыздын абалын дарыгерлер айтышты

Мезгил

Садыр Жапаровдун уулунун жанында анын артында учкашып бара жаткан 20 жаштагы кыз дагы болгон. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Учурда анын абалы орточо деп бааланууда.

 Маалыматка ылайык, кыз баш мээсинен жабык жараат алган, жана бет сөөгү сынган. Азыр дарыланып жатат, абалы акырындап жакшырууда.  

Эске салсак, кечээ 26-августта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты учурда камактагы Садыр Жапаровдун Дастан аттуу тун уулу каза болгон.  

  Дастан Садыр уулун акыркы сапарга узатуу 28-августта Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында өтөт.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *