Мезгил
Мурдагы депутат Садыр Жапаровго карата кылмыш иши кайрадан каралат.
Маалыматка ылайык, төрт күбө буга чейин видео кайрылуу жасап, мурдагы бийликтин кысымы алдында айыпталуучуга жалган көрсөтмө беришкенин моюнга алышкан.
Буга байланыштуу Биринчи май райондук прокуратура материалдарды кайра иликтеп баштады.
Ал эми сотко иш 1-декабрга чейин жөнөтүлүшү керек.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдогу митингде «бийлик өкүлүн барымтага алууга» күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган болчу.
Булак: Мезгил Ньюс