Сайдулла Нышанов лидери Текебаевге каршы чыгуудабы?

  Мезгил

Эл өкүлү Сайдулла Нышановдун пикиринде шайлоо босогосун төмөндөтүүнүн кереги жок. Керек болсо 10 пайызга чейин көтөрүү керек. Анткени, босого чек канчалык төмөн болсо, депутаттардын жоопкерчилиги да ошончолук аз болору тууралуу ЖМК өкүлдөрүнө билдирген.

 «Мисалы, шайлоодон кийин ар бир фракциянын лидери премьер-министр менен иш алып барат, демек жоопкерчилик эки тарапта тең болушу керек. Ал эми, бизде минкаб начар иштесе, өкмөт башчысы гана кызматынан кетип, депутаттар буга эч кандай жоопкерчилик тартышпайт», – деген Сайдулла Нышанов.

“Ата Мекендин” үй камагындагы лидери Өмүрбек Текебаев шайлоо босогосун 3%га түшүрүү керек деп жатса, партиянын парламенттеги бакыйган депутатты Нышанов лидерине каршы чыгып жатабы? Же партияда көз караштардын эркиндиги орногону чынбы? “Ата Мекен” партиясы ичтен ыдырай баштаган көрүнөт. Же келерки шайлоодо Нышанов башка партиянын тизмеси менен аттанганы калдыбы?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *