Салянова жана өнөктөшүнүн кылмыштуу иштеринин бети качан ачылат?

   Мезгил

Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова жана анын өнөктөшү Алыбеков Бактыбектин курулуш компаниясынын былыктарына бул бийлик чара көрө алабы же жокпу? Ушундай аталыштагы макала социалдык тармактар аркылуу тарады. Анда “СААБ” курулуш компаниясы өзүн “Азия Курулуш” ЖАКынын улантуучусу катары тааныштырып келет. Тактап айтканда Алыбеков Бактыбек мырза “Азия Курулуштун” бир көйгөйлүү курулуш объектисин бетке карманып, элдерди уюштуруп, анын бир нече объектилерин рейдерлик жол менен басып алган. Башкача айтканда тартып алган десек да жарашат. Аны мурунку бийлик өкүлү Жаныш Бакиевдин жардамы менен басып алганы аз келгенсип, башкаларды каралап, ишин улантып келет.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык Бактыбек мырза “Азия Курулуштан” жабыркагандардын жалган тизмеси менен иштерин жүргүзүп келген. Накта жабырлануучу катары эсептелген жарандардын баштапкы шарттарын аткарбай, керек болсо үйлөрүн сатылып кетти деп, тартып алгандары да бар экен. Жакынкы күндөрү алар да тобу менен Бактыбек мырзанын үстүнөн арызданганы жатышыптыр. Эмне себептен ушул чуулгандуу иштерге чекит коюлбай келет? Анткени жообу түшүнүктүү, Жаныш Бакиевдин кол баласы, Салянованын жакыны Бактыбек Алыбеков кайсыл бийлик келбесин берчүсүн бере коюп, тилин таба алат экен.

Бирок кылмышкерлердин орду түрмө деген президент Жээнбековго Алыбековдон жабыр тарткандар үмүт артууда. Бул кишилердин кылмыштуу тобу кандай иш баштабасын баары шектүү жана чуулуу иштер. Мисалы, Борбор калаабыздын Фучик паркында жер тилкелерин бөлүп сатууда да Алыбековдордун “мафиялык схемасы” чыкканын “Кактус медиа” порталы жазып чыккан. 2016-жылы мамлекетке 525 сом салык төлөгөн Бактыбек Алыбековдун «Кварц Компани» аталыштагы ишканасы “Орус – Кыргыз өнүктүрүү” фондунан 1 млн доллар каражат алганын “Акчабар” сайты жазып чыккан. Бул ишкана калкты жумуш менен камсыз кылып жатабыз, мамлекетке шумдук салык төлөп турабыз деп келген эле. Бирок Бактыбек Алыбеков 24-апрелде компаниясын кайра каттоодон өткөрүп, өзү болсо негиздөөчүлөрдүн катарынан чыгып кеткен.

Мүмкүн жакынкы арада издерин тазалап, качууга да даярданышып калгандыр. Бактыбек Алыбековдон жабырлануучуларды биригүүгө чакырабыз, шылуундардын иши ачыктала турган убакыт келди. Бул жерде бир гана “Азия Курулуш” эмес, мамлекет да жабыр тартканы ачыктан-ачык көрүнүп турат дешкен макаланын авторлору.

Чуу жараткан “Азия Курулуш” курулуш компаниясы Адина Турдубаева деген жаранга тиешелүү беле? 2005-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстанга келип көп кабаттуу үйлөрдү кура баштаган Адина Турдубаева “алдамчылык” беренеси менен айыпталып, абакка кириптер болгон. Кийин абактан чыккан соң Россия жарандыгын алып, Маскөөдөгү “Крокус Сити Холл” оюн-зоок борборунда кыргызстандык артист-куудулдар катышкан чоң концер болот деп билет саттырып, жердештерибизди алдап кеткен деген чыр чыккан. Ал эми анын “Азия Курулуш” компаниясын Өмүрбек Бабанов басып алды дей коём деп, Ирина Карамушкина кесиптешине сот аркылуу чоң суммадагы айып пул төлөп берүүгө мажбур болгон. “Азия Курулуш” курулуш компаниясына акчасын берип, үй ала албай кур жалак калган жарандар бар. Эми мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова жана анын өнөктөшү Алыбеков Бактыбек деген жаңы жүз “сахнада” тушоосун кесип жатабы? Же 2 жолу элди алдап кетти деген Адина Турдубаеванын тарапташтары кемени чайкап жатышабы? Аида Салянованын бул иштерде айыбы тоодойбу? Айтоор азырынча күтө туралы?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *