Салык кызматкери пара менен кармалды

Мезгил

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей,  Свердлов районунун салык кызматынын өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды.

Маалым болгондой, аталган мекемеге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, салыкчы андан ишти оң жагына чечип берем деп акча талап кылганын айткан. Кылмышка шектүү 15 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды.

Бишкек шаардык прокуратурасы аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *