Салык кызматы тамадаларды текшерүүдө

Мезгил

Салык кызматы тойдун эрке балсы аталган тамадалардын киреше булагын текшерди. Анда патенти жок иштеген алып баруучулар кармалып, аларга карата акт түзүлдү.

Жыйынтыгында 44 тамада жоопкерчиликке тартылды.

Салык кызматкерлеринин айтымында маданият өкүлдөрү патент менен иштөөсү зарыл. Анткени киреше булагына ээ болгон ар бир жаран салык төлөөсү керек. Той иш-чараларына кызмат көрсөткөндөр үчүн патенттин баасы аймактарга жараша.

Мисалы, Бишкек шаарында иштеген иштеген маданият өкүлдөрү -2,500 сомго, Ош шаарда иштегендер- 2000 сомго патент ала алышат. Ал эми Токмок шаарында эмгектенген маданият өкүлдөрү -1500 сом төлөшсө, өлкөбүздүн башка аймактарында эмгектенген алып баруучулар үчүн 500 сомдон төлөөгө милдеттүү.

Эске салсак, эки айдан бери салык кызматы Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында рейд жүргүзүп, тойдо кызмат көрсөткөн тамадаларды текшерүүгө алган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *