Самара Каримова: Депрессияга кирип кете тургандардан эмесмин

 Мезгил

Ар дайым күйөрмандарынын көңүл борборунда болгон ырчы Самара Каримовга карата ар кандай сындар айтылып келет. Шоу жаатында төбөсү көрүнүп калган ырчыларды ушак кептер ээрчип жүрөөрү талашсыз.  Антсе да алар бул көрүнүштү өздөрү кандай кабыл алышат. Тагыраагы Самара Каримова өзүнө карата айтылган сын пикирлерге кантип туруштук берээрин жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде маек берип жатып жооп берди.  

— Интригадан узак адаммын. Чычалай бербейм, анткени кандай экенимди өзүм билем. Ар ким менен урушуп отургуча, бир жаңы ыр жаттаганым жакшы деп ойлойм. Күйөрмандарымдын баарына сый мамиле кылам. Жакшы, жаман сөзүнө дагы ыраазымын. Албетте, соцтармактарда бирөөнүн тапшырмасы менен жазгандар да болот. Андайды баарыбыз билип эле калдык. Элдин баарына дагы жагыш кыйын. Мен өзүм соцтармакка бир нерсени чын жүрөктөн жарыялайм. «Эл эмне деп жазып жиберет» деп ойлонуп, депрессияга кирип кете тургандардан эмесмин- дейт ал.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *