Самара Каримова: Өзүмдүн кадырымды дагы бир жолу сездим. Мен деген оңой адам эмес экенмин

Мезгил

Учурда талкуу чордонундагы ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев арындагы музыкалык окуу жайдын директору  болуп дайындалып, кайра ал кызматтан көп өтпөй эле алынды. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынып ар кандай пикирлерди жазышуда.

Ал эми бул боюнча ырчы Самара Каримова өзүнүн интернеттеги баракчасы аркылуу пикирин билдирди.

  “Менде баары жакшы. Жараткан мага дагы бир сыноо бериптир. Чын жүрөгүмдөн кабыл алдым. Өнөр адамы катары музыкалык окуу жайдын абалына жүрөгүм ооручу. Зериккенимден же кыларга ишим жоктон барган жокмун. Тобокелге салып, демөөрчү тартып, долбоор жазып 2 жылда гүлдөтүп коймокмун. Ойчулдун ою бүткүчө, тобокелчинин иши бүтчү эле. Мейли, насип деген нерсе бар. Менден башка жакшы адам келип оңдоор, үмүт кылам жана тилектешмин. Өнөр адамдары абдан назик. Сулуу, кооз, көркөм жерде жашаса, окуса өнөр өөрчүбөйбү.

Өзүмдүн кадырымды дагы бир жолу сездим. Мен деген оңой адам эмес экенмин. Менин кичинекей кызматка келишим көп адамдын уйкусун бузат экен. Кээ бир чоң кызматта иштеген агаларымдын көкөйү кайнайт экен. Бирок айтарым, кучактап отурган креслодон кетериңер менен эл унутат. Кудайым берген талантым менен элдин жүрөгүндө болсом керек. Мага жата калып бут тоскондор, мен силерге капа эмесмин.

Көп сөз бар эле, бирок менин мүнөзүм аял болсом да эркекче. Бир айтам, бирок кайтпаймын”, – деп жазган ырчы.

Эске салсак, Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи  болуп  30-октябрда дайындалган. Ал эми Маданият министри Азамат Жамангулов    Каримова бул кызматка өзү министр боло электе статс-катчы тарабынан дайындалганы мыйзамсыз экенин айтып  буйрукту жокко чыгарды.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *