Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда

Мезгил

Кой-Таштагы башаламандыктарда катуу жабыркаган Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси  Самат Курманкуловдун абалы туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 Маалым болгондой, ал дагы эле эсине келе элек. Аталган министрлик  анын Москвадагы дарыгери менен байланышта.

 Эске салсак, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, комага түшкөн. Курманкуловго эки ирет операция жасалган соң, 12-августта Москвага дарылануусун улантуу үчүн алып кетишкен.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *