Самат Курманкуловго операция жасоо талап кылынбай турганын Москвадан келген дарыгерлер айтышты

Мезгил

7-авгус күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жалпысынан 136 киши жабыркаган. Алардын арасынан башынан оор жаракат алган  Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкуловго операция жасоо талап кылынбай турганын Орусиядан келген адистер айтышты. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Кечээ, 11-августта Бишкектеги травматология жана илим изилдөө борборунда Н. Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун адистери менен аталган ооруканын дарыгерлери консилиум өткөрдү. Анда орусиялык дарыгерлер Самат Курманкуловго медициналык кароо жүргүзүп, бейтапка операция жасоо талап кылынбай турганын, аны терапия жолу менен дарылоого мүмкүн экенин билдиришти.

Консилиумдун жүрүшүндө Самат Курманкуловдун дарылануусун Москвадагы Н.Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда улантуу чечими кабыл алынды. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, аны Москвага алып кетүүнүн жолдору каралууда. Дарыгерлердин айтуусунда Самат Курманкуловдун баш сөөгүнүн бир бөлүгү майдаланып кеткен.

Эске салсак, 7-августта Атамбаевди кармоо операциясында күч органдары менен анын тарапкерлеринин ортосунда кагылышуу жаралаган. Анда бир нече адам жаракалып, алардын арасында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *