Сапар Исаков бүгүн эртең менен ооруканадан УКМКнын СИЗОсуна которулду 

Мезгил

Бүгүн, 28-августта эртең менен мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду Улуттук госпиталдан УКМКнын СИЗОсуна алып кетишти. Маалыматты жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Жактоочу бүгүн эртең менен Исаковго ооруканага барып ордунан таппай калган.

– Сапар Исаковдун абалы оор болчу. Бирок укук коргоо органдары сот процессин ылдамдатыш үчүн чыгарып кетишиптир. Дарыгерлер Исаковдун абалы начар экенин айтып жатышкан. Бирок аларга кызматкерлер басым жасап эле чыгарып кетишкен окшойт – деди Токтакунов.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков 16-августта кыр арка омурткасындагы тамырларда кан айлануунун бузулушу деген диагноз менен абактан ооруканага жеткирилген. Ал өткөн жылдын июнь айында УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *