Сапар Исаков: Буюрса Кыргызстан Орто Азиядагы эң бай өлкөгө айланат

   Мезгил

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков фейсбуктагы баракчасы аркылуу  анын интернеттеги жеке баракчасына чабуул болгондугун айтып, билдирүү таратты.

-Урматтуу мекендештерим, ардактуу кыргыз элим, кече белгисиз себептерден, жеке баракчама чабуул болду. Эмне үчүн, айтпасакта белгилүү.

Сиздердин калоо тилектериниздерге терең ыраазычылык билдирем. Моралдык жактан чоң колдоо болуп жатат, башымды ийип таазим кылам. Көптөгөн каралоолор бир тараптуу болгонуна байланыштуу,  Өз-Ой пикиримди жеке баракчам аркылуу билдирип турууну туура көрдүм. Бул баракча жеке өзүмө тиешелүү, эч кандай фейк аккаунт эмес, фейсбук, инстаграм баракчама катталыныздар.

Мен ишенем Кудай буюрса Кыргызстан, сөзсүз тез өнүгүп бара жаткан, Орто Азиядагы эң бай өлкөгө айланат.

Баары өз оордуна келет, сөзсүз түрдө Кыргызстандан жолугушабыз, мамлекеттин казынасынан 1 тыйын албаганымды, саясий куугунтук болгонун далилдейм. Сөзсүз түрдө акыйкат орнойт-дейт мурдагы өкмөт башчы.  

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *