Мезгил
Сапар Исаков жазасын өтөп жаткан абактан сүрөттөр жарыяланды.
22-апрелде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясы тарабынан мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жаза өтөй турган жери аныкталган.
Эки инстанциядагы соттун чечими менен Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 319-беренесинин 2-бөлүгү (2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөр боюнча) боюнча күнөөлүү деп табылып, анын негизинде 6 категория боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган.
Комиссиянын чечими менен Исаков СИЗО-1 мекемесинен Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан жалпы режимдеги №8 түзөтүү колониясына которулган.
Эске салсак, Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталып 15 жылга эркинен ажыратылган.
Мезгил ньюс