Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартуу сунушталууда

Мезгил

Бүгүн Биринчи Май райондук соту Сапар Исаковдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн карайт. Бул тууралуу КСДП партиясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта, айыптоочу тарап Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранып жатканы, ошондой эле сот отуруму бүгүн саат 16:00 болору айтылат.

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып тагылган Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтыруу боюнча чечим чыгарган. Кийин бул чечимди Бишкек шаардык соту, анан жогорку сот ушул жылдын 5-августуна чейин камакта калтыруу тууралуу биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

 Исаковдун адвокаты мындай чечим мыйзамсыз болгонун мурдагы премьер үй камагына чыгышы керектигин билдирип келет.

Жалпысынан Бишкек ЖЭБинин айланасында козголгон кылмыш иши боюнча 15ке чукул адам кармалган. Алардын арасында Исаковдон сырткары мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, Улуттук Энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев жана башкалар бар. 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *